ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: 178 жыл мурда Борбордук Азияны изилдеген орус саякатчысы Николай Пржевальский төрөлгөн

Мындан 178 жыл мурун, 1839-жылы 12-апрелде орус аскер-географы жана илимпоз саякатчы Николай Пржевальский Смоленск губерниясындагы Кимбирово кыштагында туулган. 1855-жылы туулган жериндеги гимназияны аяктап, жөө аскерлердин катарында кызмат өтөп, унтер-офицер наамын алган. Кийин Орус армиясынын башкы штабынын академиясында билимин уланткан. Окууну аяктагандан кийин Варшава шаарындагы окуу жайда тарых жана география сабактарынан мугалим болуп иштеген. 1866-жылы Башкы штабдын экспедициясынын курамына кошулуп, Чыгыш Сибирге барган. Ошол мезгилден тарта анын саякатчы, изилдөөчү, географ катары жашоосу башталган.

Николай Пржевальский орус элинин улуу географы, Борбордук Азиянын изилдөөчүсү, генерал-майор, Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү катары тарыхта калган. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн саякатка арнап, өз тармагында аты таанылган билим адамдарынын арасынан татыктуу орун тапкан. Ошондой эле Кыргыз мамлекетин кыдырып, көп маалымат топтоого жетишкен.

Саякатчы тарабынан жаныбарлардын жаңы түрлөрү дагы ачылган. Алардын арасында Пржевальскийдин жылкысы жана жапайы төө бар. Мындан сырткары ал башка сүт эмүүчүлөрдүн түрлөрүн аныктап, зоологиялык, ботаникалык коллекцияларды жыйнаган.

1888-жылы күзүндө Борбордук Азияга бешинчи жолу саякатка бара жатып, жолдо келте менен ооруп, каза болгон. Анын керээзине ылайык, улуу саякатчынын сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган жана орус бийлигинин чечими менен 1889-1991-жылдары Каракол шаары анын ысымын алып жүргөн. Белгилей кетсек, Каракол шаарында Николай Пржевальскийдин эстелиги, музейи бар.

12-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан