Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев, вице-мэр Гүлзат Алимбаева жана башкалар болуп шаардагы согуш ардагерлеринин үйүнө барып, акчалай жана азык-түлүк түрүндө даярдалган майрамдык белектерди тапшырышты. Ардагерлерге шаарда жайгашкан мекеме ишканалардын телефон номерлери жазылган китепчелер да берилди.
“Шаарда согуштун 48 ардагери бар. Алар өткөн жылдан айырмаланып быйыл пенсиядан тышкары ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам алып турушат. Былтыр 500 сомдон берилчү. Ардагерлер үчүн жергиликтүү бюджеттен бир жылга 392 миң сом каражат бөлгөнбүз. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып, төшөктө жаткан ардагерлерди майрамы менен куттуктап, көңүлүн алуу үчүн үйлөрүнө келдик. Жеңиш майрамын белгилөөдө ардагерлер үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом акча каралган”,– деди шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев.