Парламенттин 12-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Жумабеков Талас облусунда малдар шарп илдетине чалдыгып жатканын билдирди.
"Кара-Буура районунда эл менен жолугушуп, шарп оорусу катталып жатканын уктум. Бул боюнча ветеринарлар тоют жетпегендиктен деп айтып жатышат. Мен макул эмесмин. Малдар, анын ичинде козулар четинен кырылып жатыптыр. Бир жаӊы оору пайда болуптур, лабораториядан анализ чыкпай, оорунун себептерин айтпай жатышат", - деди депутат.
Депутат Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына аталган маселени көзөмөлгө алууну сунуштап, инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу экенин айтты.