Кечээ, 11-апрелде Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева уулун эмизип жаткан сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Көп өтпөй анын сүрөтүнө ар кандай билдирүүлөр калтырылган. Бүгүн, 12-апрелде Алия Шагиева уулун ич кийимчен эмизип жаткан сүрөтүн жүктөп, коомчулук берген кеңештерге жооп берген.
"Сиз кантсе да президенттин кызысыз, анчалык көкүрөктү ачуунун кереги жок!" - менин бала эмизип жаткан сүрөтүмө көпчүлүктүн пикири.
Бул билдирүүмдө онлайн түрдө бекер кеңеш берген адамдардын эки катасынын бири тууралуу ойлорум менен бөлүшкүм келет. Биринчи ката: аялдын көкүрөгүн сексуалдаштыруу. Экинчи ката: ата-энеси жогорку кызматты ээлеген балдарды басмырлоо", - деп, ал айткан биринчи ката тууралуу оюн жазган.
"Анда эмесе, "уяттуу" жөнүндө. Аялдын көкүрөгү - бул дене мүчө, ал өзгөчө функцияны аркалайт (бала эмизүү) жана эч кандай сексуалдуу объект эмес. Аялдын көкүрөгү - көпчүлүк ойлогондой уяттуу зат эмес. Адамдар анын чыныгы максатын эбак унутуп, эркектердин көңүлүн бурдуруучу затка айлантышкан. Анын уяттуу экенин жана секс менен байланыштуу экенин бизге ишендирип келишет, бул идея кинематографияда, адабиятта колдонулуп, жарнама индустриясы, ММКлар да бул идеяга толгон. Коомчулук көкүрөктү сексуалдык затка айландырат да, көкүрөгү кичинекей, формасы "андай эмес" аялдар пластикалык хирургияны колдонгондорун сындайт. Коомчулук аялдын көкүрөгүн сексуалдуу жана сыймыктанчу затка айлантат да, көкүрөгү баланы эмизүүгө жараса да, анын айынан өзүн кемсинткендерди акылсыз тоок деп аташат. Коомчулук энеликти сонун дегени менен, бала эмизип жаткан энени көрүп "фу, кантип уялбайт?" дешет. Кызык, туурабы?
Бул жакта күнөөлүү жок экенин түшүнүү маанилүү. Бул жабык айлана, чечим өзүңдөн баштаганда жатат. Өзүңдүн ой-жүгүртүүңдө. Мен ушундай эле кылам. Мен балам ачка болгон жерден жайбаракат аны эмизем, мейли соода борбору болсун, унаа же сейил бактагы отургуч болсун. Мен патриархалдык коомчулук ыңгайсыз чекке киргизген башка эмизип жаткан энелер үчүн үлгү болом.
Эгер силер муну уяттуу көрүнүш десеңер, менде жаңылык бар: силердин уялууңар жана адепсиз ойлоруңар - өзүңөрдүн көйгөйүңөр, а биз жөн гана табият буйругун аткарып жатабыз", - деген Алия Шагиева.
Бул билдирүүсүнө анын пикирин колдогондор да, ага каршы да ойлор жазылып жатат. Ал эми кеңеш бергендердин экинчи катасы тууралуу кийинки билдирүүсүнө жазарын кошумчалаган Алия Шагиева.