Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, эстрада жана клоунада артисти, актёр, телеалпаруучу Юрий Гальцев 56 жашка толду. Ал 1961-жылы 12-апрелде Орусиянын Курган шаарында туулган. Ошол күнү тунгуч космонавт космоско учкандыгына байланыштуу ага Юрий Гагариндин урматына бул ысым ыйгарылган.
Юрий Гальцев 1978-1983-жылдары Кургандагы техникалык институтта автомобиль куруу адистиги боюнча окуган. Бирок жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын болгондуктан, 1988-жылы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.
Пародист көптөгөн театрларда эмгектенип, түрдүү образдарды жараткан. Ал эми "Аншлаг", "Юрмалина" телеберүүлөрүнө катышуусу ага атак-даңк алып келген. Аны актёр катары бир катар белгилүү тасмалардан көрүүгө болот.