Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев эмнеге эттин баасынан колбасанын баасы арзан болуп жатканына кызыкты.
"Эттин баасы 300 сом болуп жатса, колбасанын баасы 250 сом. Балдарга жебе десек болбой колбаса жейт. Өлгөн малдын этине эмнеге маалымкат бересиңер?" - деп суроо салды. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов бул боюнча көзөмөл күчөп жатканын айтты. "Инспекция колбасага баа койбойт, өлгөн малдын эти кетпесин деп көзөмөлгө алат. Бирок колбасага жалгыз эле эт кошулбайт да, арзан тооктордун этин кошот", - дейт Жумаканов.
Мындан кийин депутат инспекцияны өлгөн малдын этин колбасага кошуп коррупция жасап жатканын айтып, "Ветеринария жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгесин артка кайтарууну сунуштады. Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Мирлан Бакиров демилге колбаса жөнүндө эмес, ветеринария жөнүндө экенин эскертти.