АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 3-май күнү КС-135 учагынын кулашынан каза тапкан учкучтарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
“Биз “Манас” эл аралык аэропортундагы жүк ташуучу транзиттик борбордо иштеген кесиптештер, шериктештер жана досторубузду жоготуу сезимин тең бөлүшөбүз”,- деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө. Ошондой эле АКШ элчилиги кыргыз элинин жана өкмөтүнүн атынан АКШ президенти Барак Обамага көңүл айткандыгы үчүн президент Алмазбек Атамбаевге терең ыраазычылык билдирет. "АКШ элчилиги Транспорт жана байланыш министри жетектеген кыргыз өкмөтүнүн комиссиясынын аткарган иши үчүн жана кызматташып, колдоо көрсөткөн Чүй облусунун тургундарына рахмат айтат. Бул кырсык АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык маанайда иликтенет",- деп билдирет элчилик.