Аялдардын зомбулукка кабылышына билимдин жетишсиздиги себеп болуп жатканы айтылды

Өлкөдө кыргыз тилдүү психологдор өтө аз экени бүгүн, 12-апрелде турмуштун оор кырдаалына кабылган аялдар менен балдарга жардам көрсөтүү боюнча тегерек столдо айтылды.

Иш-чарага мамлекеттик социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, башынан оор турмуш өткөргөн аялдарга психологдун кеңеши маанилүү экенин белгилешти.

"Аялдардын зомбулукка кабылышына билимдин жетишсиздиги себеп болууда. Мындай кырдаалга туш болгондордун көбү мектепти аяктап эле турмушка чыккандар. Никеси катталбагандыктан, ажырашкандан кийин балдарына күйөөсүнөн жардам ала албайт жана жумуш табууда түйшөлүшөт. Негизинен базарда же кафелерде идиш жууп иштегенге мажбур болушат", - дейт реабилитациялык борбордун жетекчиси Светлана Баштовенко .

"Турмуштук оор кырдаалга кабылып, жардам сурагандардын 85 пайызы кыргыз тилдүүлөр. Тактап айтканда, орус тилин жакшы түшүнүшпөйт. Ал эми психологдордун 80 пайызы орус тилинде кеңеш берет. Психологдор эң аз дегенде бир саатка 300 сомдон 1000 сомго чейин акы алышат. Биздин өлкөдөгү психологдорго кыргыз тилин үйрөнүү мезгил талабы болуп турат", - деди Бүбүсара Рыскулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anar8672
2017-04-12 16:38:24
Жааш эрге тийип алышат балалуу болду тынып кетти эри бар деген статус учун озун кордотуп турмуш деген ушунда окшойт деп ойлоп алгандар канча. биринчиден озу да адам жашоого бир эле келгенсин озунду соктурбо .турмушта бактылуу болгону аракет кыл ,сени бактылуу кыла албаган эркектин туйшугун мойнуна которбо.Андай эрсиз деле бактылуу болсо болот азыр ,мумкунчулуктор кенири билбесен сыртты кара Кеч турмушка чыккан кыздар тескеринче акылдуу болот. Окуганбы иштегенби турмуш тууралуу маалыматы кенири
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан