Мектептер менен ЖОЖдордун программасына куран, хадис сабактарын киргизүү сунушу менен Нарын облусунун Ата-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын жашоочулары Жогорку Кеңешке кат жөнөтүштү. Катта мындай деп жазылат:
"КРнын Конституциясында адам укугун урматтоо, өлкөнү өнүктүрүп-өстүрүү, аны бекемдөө, эгемендүүлүгүн, элинин биримдигин сактоо тууралуу жобо жигердүүлүк менен жазылган. Бирок ага карабастан, элдин арасында улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо азайып, тартипсиздер көбөйүп бара жатат. Кыргыз эли батыштын баткагына батып калбашы үчүн балдарыбызга жашынан куран жана хадис сабактарын үйрөтүшүбүз керек. Азыркы мектептерде өтүлүп жаткан адеп сабагынын тарбиялык мааниси жок. Ошол үчүн, урматтуу депутаттарыбыз, мектепке жана жогорку окуу жайларына куран менен хадис сабактарын киргизүүнү жалпы аталган айылдын эли суранабыз".
Ушундай маңызда уланган катта ислам дининин коомчулукту тарбиялоодогу орду тууралуу баяндалат.