Кыргыз Республикасындагы жеке менчик телеканалдарга шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салынышы мүмкүн. Мындай маселе Борбордук Шайлоо комиссиясынын жыйынында каралган. Мындай сунушту айткан Гүлнара Журабаева 12-апрелде буларга токтолду.
"Талапкерлер сөзсүз түрдө дебаттарга катышышы керек. Телевидение эффективдүү жана чыгашалуу форма болуп саналат. Ал жакка чыгуу талапкерлердин жана партиялардын каржы мүмкүнчүлүгү аркылуу аныкталбашы керек. Акыйкат күрөштө шарттар дагы бирдей болушу сунушталат. Экранга чыга албаганы үчүн элге маалыматын жеткире албай калган талапкерлер чыгышы мүмкүн", - дейт ал.
Мындан сырткары теледебат өткөрүү боюнча тендер жарыялап, убактысын аныктоону сунуштаган.
"Шайлоого карата үгүт материалдарынын көп болушу жарандарга маалыматтык программадан айырмалоосунда кыйынчылыктарды жаратат. Үгүт материалдары кыскартылып, ордуна теледебаттар коюлса. Коомдук дебаттар талапкерлердин сунушун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен бирге шайлоонун ачык өтүшүн шарттайт. Жеке коммерциялык телеканалдарга мындай кадам жакпашы мүмкүн. Бирок мамлекет жеке менчик телеканалдарды колдоосу кажет эмес. Телеканалдарда башка жолдор менен акча табуу мүмкүнчүлүгү бар. Телевидение шайлоочунун үйүнө кире алчу эффективдүү ыкма бойдон калууда", - деди Журабаева.
Мындан сырткары эфирге чыгуунун кымбаттыгы "талапкерлерди каржылык жактан чектеп коюшу ыктымал" дейт Гүлнара Журабаева.