Атагы дүйнөгө тараган испаниялык опера ырчысы Монсеррат Кабалье 84 жашка чыкты. Ал 1933-жылы 12-апрелде Барселонада жарык дүйнөгө келген. Монсеррат Кабалье Барселонадагы Лисео театрынын алдындагы консерваторияда окуп, 1954-жылы бүтүргөн. Ал эми 1956-жылы Базель операсына тапшырган. 1956-1965-жылдары Европанын Бремен, Милан, Вена, Барселона, Лиссабон шаарларындагы опера театрларында ырдаган. Ырчыга эл аралык атак-даңк 1965-жылы Гаэтано Доницеттинин "Лукреция Борджиа" партиясын аткарганда келген. Бул аткаруусунан соң залдагы эл туруп алып 20 мүнөттөй кол чаап турган. Ошентип Монсеррат Кабалье дүйнөгө белгилүү, күчтүү опера ырчыларынын сап башынан орун алган.
Анын урматына жазылган "Exercises in Free Love" деген ырды белгилүү рок-музыкант Фредди Меркьюри аткарган. 1992-жылы Барселонада Олимпиада өтүп, анда Монсеррат Кабалье Фредди Меркьюри менен бирге "Барселона" чыгармасын аткарышкан. Бул ыр кийин хитке айланган.
Легендарлуу ырчы опера ырчыларынын ичинен Орусиянын Эл артисти Николай Басковго жогору баасын берген. Экөө Николай Басков окуусун жаңы эле бүткөндө таанышышкан. Андан соӊ биргеликте бир катар өлкөлөрдүн сахналарында чогуу ырдашкан.
Жеке жашоосу
Ырчы 31 жашында кесиптеши Бернаба Мартиге турмушка чыккан. Түгөйлөр Бернабе жана Монсита аттуу уул-кыздуу болушкан. Кызы Монсита ата-энесинин жолун жолдоп, учурда Испаниянын эң мыкты вокалисттеринин катарын толуктайт.
12-апрелге карата жылнаама.