Орусияда адамдын 403 тишинен эстелик жасашты

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тиш оорусуна арнап, адамдын 403 тишинен эстелик жасалды. Анын автору Марьяна Шумкова эстеликти жаратууда "Тиштер ден соолугу үчүн" аттуу акциянын жүрүшүндө медициналык көрсөтмөлөр боюнча жулунган тиштерди колдонгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Марьяна Шумкованын айтымында, ал эстеликтин көрүнүшүн коркунучтуу кылууга аракет кылган. Себеби күчтүү эмоционалдык таасирди берүү адамдын гигиена сыяктуу жөнөкөй нерселерге олуттуу мамиле жасоосуна көмөктөшөт. Тиштерди жулдуруу же тазалатуу үчүн стоматологго кайрылуудан коркуп, ден соолугуна кайыл болуп жүргөндөр көп.

Учурда скульптура Санкт-Петербургдагы стоматологиялык клиникалардын биринде турат. Аны көргөзмөлөргө коюу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
gulmira12345
2017-04-12 17:04:46
фууу
0
Nevestkaa
2017-04-12 17:13:16
Менин да тишим катуу ооруп айламы таппай турам.Мүмкүнчүлүгүм болсо дароо алдырып салмакмын.Ай атың өчкүр акчааа аай.
0
Kroxa
2017-04-12 17:43:13
Nevestkaa,интерге акчан бар тиш жулдурган 200 сом эле дарысы менен.бир жума интерге кирбей койсон тишин жулунат...
+1
Nevestkaa
2017-04-12 21:36:46
Kroxa,кечирип коесунбу пай пайга акчаны мен төлөбөйм.Крда болсом 200сомго эле жулуп берет бул жакта (Росс)үч миңдин ары бериси экен.(((((((((
+3
Tansuluu09
2017-04-12 17:13:35
Коркунучтуу экен
0
century
2017-04-12 19:39:57
Tansuluu09,
Оа коруп алып аппетит олду
0
Atas
2017-04-12 17:43:47
Sasygan estelik bolot eken da ))
+2
wirin
2017-04-12 22:35:19
ужасгоо
0
ekaterinburg
2017-04-12 23:00:34
Туну алдындан чыга калса точно тишин тушот го.
+1
alik.kg83
2017-04-13 01:40:17
Nevestka тиш жулдурүш 1300 1500 эле кайдагы 3000 миң
0
bond02
2017-04-13 02:44:31
alik.kg83,эки тиши ооруп жатса керек да.
0
Nevestkaa
2017-04-13 13:11:11
alik.kg83,мен өзүм жашаган аймакты айттым сурап билип дегендей.Бизди гос.стоматологтор карабайт экен частныйлар он манжасын оозуна тыгып алып сурашат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан