Ош ШИИБи: Акыркы үч күндө 3 кыз ири өлчөмдөгү дары, уксус ичип өз жанын кыюуга аракеттеништи

Акыркы үч күн аралыгында өз жанын кыйганга аракет кылган 3 факты катталды. Өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылгандардын үчөө тең 20 жаштагы кыздар. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 12-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда 9-апрелде Төлөйкан кичи районунун жашоочусу Ж.А. уксус ичип ууланган. 10-апрелде М.К. аттуу кыз өз үйүндө ири өлчөмдөгү дары-дармек ичип алган. Кечээ, 11-апрелде Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу Р.С. дагы ири өлчөмдөгү дары-дармек ичип ууланган. Үчөө тең Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Суицидге барган жаштардын саны өсүп жатканын белгилеген Ош ШИИБи жарандарды бул маселеге кайдыгер карабоого чакырды.

"Ош шаарында өз өмүрүнө кол салгандардын саны көбөйүп жатат. Алардын көпчүлүгү өткөөл курактагы кыздар. Жыл башынан бери Ош шаарында 5 адам өз өмүрүн кыйды. Ал эми, 41 адам ѳз өмүрүн дары-дармек же уулуу заттарды ичишип, кыюуга аракет жасашкан. Алар дарыгерлердин жардамы менен өмүрү арачаланып калганы менен, жаштайынан майып болуп калышууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
grace
2017-04-12 17:14:50
Жашоо кыйындап баратат, бүт жерде коррупция. "Жакшы президент келсе" деген гана үмүт.
+3
anar8672
2017-04-12 17:33:37
grace,Карупция таарыхтан бери бар .Анан азыр жашо жыргал Кудайга шугур Мамлекет онуугусу учун баарыбыздын пайдабыз тийийш керек.Проблема баарында бар которо албагандар да бар экен .Тообо кылуу керек .
+1
Santanna
2017-04-12 19:08:03
Жашоо жакшы,жакшы кылып жашоо оз колубузда Кудай баарын берген бизге,Ошону пайдалана билуу озубуздон,алты саныбыз аман иштейли аракет кылалы...!
+1
aminkaerke
2017-04-12 20:30:31
Кызыксынар биринчи тактап окуп чыгып анан талдагыла акыркы мезгилде жаш кыздар бат алданып жатабы же оздору жаман жолдордо кооп журуп кетишти айтоор мен коргонум укканымда бар жылдары 2000-2001жж кыздар мен буларды али оозунан сут кетелек кыз бала деп ойлочумун кээде суйлогондорун уксам тан калам ар бир уул балабы кыз балабы Аллахым журогуно ыйман берсин куноолорун жараткан Алла кечирсин
+1
Guji
2017-04-13 04:18:20
Инстаграммда толтураго мени жигитим анти анан бир жолу болду эми таштап кетти не кылам эми деп окууп алып жүрөгүн шуу дейт не дешинди билбей дагы жашым 17 де деп коюшат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан