Сүлүктүнүн тургундары шаардын кире беришине түшкөн жер көчкү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 12-апрелде тазаланбаганын билдиришкен.
Аталган министрликтин өкүлү бул тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
"Исфана-Сүлүктү жолунда 14-чакырымда эки ирет жер көчкөн. Тазалоого техника даяр. Адистер жер көчкөн жерди көрүшүп, дагы көчүү коркунучу бар экенин аныкташкан. Жер көчкүнү тазалоодо аба ырайын да эске алуу керек. Бүгүн жаан жааса жер көчүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт".
Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кырсык болгон жерге жумуш сапары менен кызматкерлер жөнөтүлгөнүн билдирди.
"Тазалоо иштери акырындык менен аткарылып жатат. Кылдаттык менен тазалабаса дагы жер көчүшү ыктымал. Тазаланып бүткүчө убактылуу айланып өтүүчү жол салынып, жеңил унааларга жүрүүгө шарт түзүлдү", - дешти Транспорт жана жолдор министрлигинен.