Депутат Асия Сасыкбаева Польшанын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева бүгүн, 7-майда Польшанын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Яцек Ключковски менен жолугушту. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, депутат элчини Польшанын улуттук майрамы – Конституция күнү менен куттуктады. Тараптар эки өлкө ортосундагы саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү, илим жаатындагы кызматташуулардын келечеги тууралуу пикир алышты. Ошону менен бирге парламентаризмди өркүндөтүү боюнча өз ара тажрыйба алмашуу, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, быйыл Жогорку Кеңештин делегациясынын Польшага иш сапарын уюштуруу маселелери да талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан