МЕДИА-ПОРТАЛ: "Өмүр белеги" клибин тартууда киллердин образын жаратууга ылайыктуу жигитти көпкө издегенбиз" дейт ырчы Айя Садырова

Айя Садырова Аско менен дуэт ырдаган "Өмүр белеги" ырынын клибин тартуу иштери Кипрде башталып, Бишкекте улантканын айтат. Ошондой эле башкы каармандарды табуу жана башка түрдүү себептерден улам клип көп убакытта даяр болгон.

"Клиптин мен ырдаган бөлүгү өткөн жылы Кипрде тартылган. Анда тарыхый жайлар, биз жайгашкан мейманкананын жанында бир топ кадрлар алынган. Экинчи бөлүгүн, Аско ырдаган жерди Бишкекте тарттык. Идеясы режиссёрго таандык. Анда акча үчүн сулуу кызды өлтүрүүгө макул болгон жөнөкөй, жалданма адам өлтүргүч жигит жөнүндө баяндалат. Кызды аӊдып, өлтүрүүгө даярданып жүргөн учурда аны сүйүп калат. Соӊунда сүйүктүүсүн сактап калуу үчүн заказ берген адамды алдап, акчасын алып экөө качып кетишет.

Көп деле кыйынчылыктар болгон жок, бирок, албетте, майда көйгөйлөр жаралды. Алгач киллердин образын жаратууга ылайык күчтүү жигитти көпкө издеп, соӊунда Келдибек аттуу спорт менен алектенген, келишимдүү жигитке токтолдук. Ал эми башкы каармандын образын жараткан кыз коомдук ишмер, өз дүйнөсүндө жылдыз сезген кыздардан. Экөө теӊ ролдорун берилүү менен жакшы ойноп беришти. Клип көп убакытта даяр болду. Андыктан баары "качан чыгат?" деп сурай башташты. Жыйынтыгы жаман болгон жок, жакшы клип жараттык деп ойлойм", - дейт ырчы күлүп.

Айя Садырова менен Асконун "Өмүр белеги" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Polumna
2017-04-12 19:47:41
Жакшы ыр. Жакшы клип. Айя жакшы бийлейт экен.
0
bond02
2017-04-12 20:06:01
Бул клиптин историясын бироо сурады беле? Анттик минттик дешип эле ырчылар куйгузот да.
+1
chopik7
2017-04-12 22:29:53
bond02,Сага кошулам,ушу ырчылар ырдаган ырынын маанисине оздору тушунбой туруп асмандан суйлошот !!! Мен учун Кыргызстанда бул/Гулнур.Роза.Аманова.Бек Борбиев кыскасы мурунку муундун ырчылары. Азыркы муундун ырчылары ырчы деп деле айтыш кыйын ! Маскарапооооооздор
+1
chopik7
2017-04-12 22:32:08
bond02, Казак. Озбек туугандардын ырын которуп алып эле даро ырчы боло калышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан