ЖЫЛНААМА, 13-АПРЕЛЬ: Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев арабызда болгондо 95 жашка толмок

Кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев арабызда болгондо бүгүн, 13-апрелде 95 жашка чыкмак. Ал 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, согушка кеткен.
Чолпонбай Түлөбердиев гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген.
Баатырдын туулган айылында анын эстелиги орнотулуп, музей салынган. Музейдин ичинде анын өмүр баяны, өздүк документтери, кийим кечеси жана ага тиешелүү буюмдар сакталган.

13-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан