Бүткүл дүйнөлүк рок-н-ролл күнү жыл сайын 13-апрелде белгиленет. Бул күндү майрам катары белгилөөгө 1954-жылдын 12-апрелинде Билл Хейли тарабынан жазылган "Rock Around The Clock" ыры түрткү болгон. Аталган ыр жаңы музыкалык багытта өзгөчө орун алып, АКШнын чек арасынан ашып, башка өлкөлөргө тез эле тарап кеткен. 20-кылымдын ортосунда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл тынч жашоого умтулган. Коомчулуктун маанайын ошол кездеги кантри жанрындагы жай жана сентименталдуу музыкалар чагылдырып турган. Ошол эле маалда АКШда ритм-энд-блюз делген катуу жана ритмдүү музыканын да сүйүүчүлөрү болгон. Рок-н-ролл багыты дал ушул эки жанрдын айкалышынан чыккан.
13-апрелге карата жылнаама.