Москвада укук коргоо органдары тарабынан 4 айлык баласы менен кармалган 44 жаштагы аял эл аралык издөөдө жүргөн. Бул тууралуу 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ж.Н. аттуу аялга Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи эл аралык издөө жарыялаган.
"Кечээ кармалган жарандын кызы менен жолугушуу болуп, тийиштүү укуктук кеңештер берилди. Азыркы тапта төрт айлык бала Москва шаарынын ооруканаларынын биринде бир тууган сиңдисинин кароосунда жатат. Ага карата козголгон иш Москва шаарынын Кузьминст райондук сотунда каралууда. Маселени элчилик көзөмөлгө алды", - деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Орусияда кармалган аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин "тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун, сотко келбей койгону үчүн издөөгө алынганын билдирди.