Түрк сериалдарынын мегажылдызы Мурат Йылдырым 38 жашка чыкты. Ал 1979-жылы 13-апрелде Түркиянын Конья шаарында туулган. Апасы араб тили боюнча котормочу болсо, атасы театр менен алектенген. Мурат Йылдырымдын актёрлук кесипке болгон шыгынын эрте ойгонушуна атасынын кошкон салымы зор болгон. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен эле окуусунан сырткары театрдагы ийримдерге катышкан.
Мектепти аяктаган соң болочок актёр Стамбулдагы “Йылдыз” техникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырган. Инженер-механик адистиги боюнча дипломдуу болгон Мурат Йылдырым университетте окуп жүргөндө да актёрлук чеберчилик боюнча кошумча сабакка барып жүргөн. Студенттик театрда ойноп жүрүп, 1999-жылы “Айрылсак да бирге болушубуз керек” ("Ayrılsak da beraberiz") деген сериалда роль аткарып, актёрлук тушоосун кескен.
Адамды теше караган көз караштын ээси Мурат Йылдырымдын карьерасынын башталышы ийгиликтүү болгон эмес. Ал 2003-жылы “Түбөлүк сүйүү” ("Ölümsüz aşk") сериалында роль жаратып, бирок сериалдын рейтингинин төмөндүгүнөн улам анын 11 гана сериясы көрсөтүлүп, калганы көрсөтүлбөй калган. Андан соң 2004-жылы “Бардык балдарым” ("Bütün çocuklarım") жана “Чоң калп” ("Büyük yalan") деген сериалдарга тартылып, аз да болсо эл эсинде калганга жетишет. Эми гана киноиндустрияга аралашып келе жаткан таланттуу актёрго Түркиянын мыкты сериалдарын жараткан режиссёрлор көз сала башташат.
Мурат Йылдырымга популярдуулук алып келген тасма – 2006-жылы тартылган “Бороон” ("Fırtına") сериалы болгон. Ушул сериалдагы ролу үчүн ал Түркиянын “Оскары” катары эсептелген “Алтын апельсин” сыйлыгын алган. Атак алып гана тим болбостон сериалдагы өнөктөшү актриса Бурчин Терзиоглу экөөнүн ортосунда махабат оту жанып, 2008-жылы түгөйлөр баш кошкон. 2014-жылы ортодогу пикир келишпестиктерден улам жылдыздар ажырашып кетишкен.
2007-жылы чыккан “Аси” ("Asi") сериалындагы Демирдин ролунан кийин актёр Түркияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку суроо-талапка ээ актёрлордун тизмесине кирген. Мындай бийик абройдон улам актёр роль сунуштаган режиссёрлордун келишимдеги пункттарына өз талаптарын киргизип калган. Аны чет өлкөлүк тааныштары жана күйөрмандары "Демир" деп чакырышарын айтып, муну актёр сериалдын популярдуулугу менен байланыштырган.
Мурат Йылдырымдын катышуусундагы 2009-жылы тартылган “Сүйүү жана жаза” ("Aşk ve ceza") сериалы да эң ийгиликтүүлөрдүн бири болгон.
Актёр катышкан башка тасмалардын катарына "Крымдык" ("Kırımlı"), "Түн ханышасы" ("Gece kraliçesi"), "Жымжырттык" ("Suskunlar") жана башкалар кирет. Актёр учурда түрк телеканалдарынын бириндеги "Ким миллионер болгусу келет?" программасын алып барат. Ошондой эле жакында анын белгилүү түрк актрисасы Фахрийе Эвжен менен бирге башкы ролдо ойногон "Түбөлүк сүйүү" ("Sonsuz aşk") тасмасы жарыкка чыкты.
Мурат Йылдырым 2016-жылы марокколук актриса, модель Иман Эль Баниге үйлөнгөн.
13-апрелге карата жылнаама.