Исфана-Сүлүктү унаа жолу бир тарапка ачылды

Исфана-Сүлүктү унаа жолу бир тарапка ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда 9-апрелде саат 10:55 чамасында №13-жол тейлөө ишканасынын балансындагы Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 миң метр куб жер көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

азалоо иштерине Кытайдын “Синьдзян бейсин” жол куруучу компаниясынан 3 экскаватор, 2 жүктөгүч тартылып, 12-апрель күнү жер көчкү коркунучу бар жерлерди сүрүп түшүрүү жана көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. 13-апрелде саат 01:30да жол каттамы бир тарапка ачылды. Тазалоо иштери улантылууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suluktinskiy
2017-04-13 09:39:32
Аа жакшы кылыпсынар жолду ачып
0
KGstan1981
2017-04-13 09:48:46
Кой-Ташта 5 млн долларлык хан-сарайларды сала эрбей кичине жолдорго дагын конул буруп койсонуздар б-т.Кок-Жардагы копуро(Ош-Баткен-Исфана трассасы) адашпасам 6 ай болду ондолбой жабылып турганына.Жолдордогу ямаларга болсо эптеп эле колчокторун кургатпай эле асфальт куйуп жатышат.Уят Атамбаевке!Уяят пр. министерге!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан