"24 миллион сомду өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан" деп Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду

Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекетке 24,7 миллион сомдук зыян келтирилген фактынын бети ачылды. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2011-жылы аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери мамлекеттик унааларга өзгөчө номурларды берүүдөн түшкөн каражатты өз кызыкчылыктарына пайдаланып жиберишкен. Бул фактыны Эсеп палатасы да тастыктаган. Мындан улам кылмышка шектүү жооптуу кызматкерлерге карата кылмыш иши козголгону айтылды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан