Депутат Акылбек Жамангулов курулуп жаткан жолдордун сапатын көзөмөлгө алуу керектигин айтты

Бүгүн, 13-апрелде парламентте "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов жолдорду курууда сапатын көзөмөлгө алуу керек экенин айтты.

"Аэропорттогу жолду оңдогонго 1 жыл боло элек. Эми жолдун абалын көрүп жатабыз. Жолду курууда кепилдик мөөнөттү 3 жылга узартсак жакшы болот эле. Ал эми Бишкек-Кара-Балта жолу боюнча мага кайрылуулар түшүүдө. Жол оңдолуп баштаганда Бишкек менен Сокулуктун чек арасынан башталат деп, анан Новопавловка, эми азыр Маловодный деп жатыптыр, бул каражаттын тартыштыгынан экен. Эмне үчүн мындай көрүнүштү баштаганда чечип албайбыз?" - деп өкмөттү көзөмөлгө алууга чакырды.

Ошондой эле депутат Кеминде жол кырсыгынан жапа чеккендер көп болуп жатканын айтты. Ал билдиргендей, ошол жерде бир гана райондук оорукана бар. Оорукананын абалы начар экенин билдирип, оңдоп-түзөөгө муктаж экенин эскертти. "Тез жардамдын" автоунаасы эскирип жүрбөй калганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан