"Алиппе китебинде "биздин мекенибиз Орусия" деп жазылыптыр, методисттер эмнени карап отурганын билбейбиз", - деп бүгүн парламентте КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.
Депутат билим берүү тармагына президент, депутаттар дагы көңүл буруп келгенин айтты.
"Президент билим берүү тармагын приоритеттүү багыт белгилеп келет. Мыйзам долбоор болобу, кошумча акча болобу ар дайым бул тармакты колдоп келебиз. 2010-жылдан бери мугалимдердин эки жолу айлыгы көбөйтүлдү. Жума сайын депуттар мектептер, бала бакчалар жөнүндө айтат. Эми алиппе китебинде "биздин мекенибиз Орусия" деп жазылыптыр. Методисттер эмнени карап жатышат. 1-класста окуп жатканда балдардын көз карашы калыптанат. Мындай материалда биздин балдар Орусиядабы же Кыргыз мамлекетинде жашайбызбы деп түшүнбөй калышат", - деди ал.