Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Куттуктоодо тынчтык жана бейпил турмуш үчүн курман болгондордун элеси ар бир адамдын жүрөгүндө дайыма жашай берери айтылган. “Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине узак өмүр, чың ден соолук жана кажыбас кайрат каалаарымды айтып коюуңузду өтүнөм”,- дейт Тажикстандын президенти.