Бүгүн, 13-апрелдеги парламент жыйынында депутат Салайдин Айдаров Фрунзе токой чарбасы өнүкпөй кайра аянты кыскарып жатканын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, токой чарбанын жетекчилиги жерлерди сатуу менен алек болууда.
"Жер сатууга мароторий киргизилгенине карабастан мыйзамсыз жер сатуу токтобой жатат. Өкүнүчтүүсү буга жооптуу кызматкерлердин аралашып жатканы. Фрунзе токой чарбасында бардыгы 7 миң гектар аянтты иштетилсе, бүгүнкү күндө токой баскан аянт 1 100 гектар. Токой чарба өз милдетин унутуп, жер сатуу менен алек болууда. Мурунку директору токойдун ичине үй салып алган. Аянты кыскарып, дарактар каралбай куурап калды. Бул башаламандыкка ким жооп берет", - деди.