Тазабек Икрамов: "Электр энергия боюнча бирдиктүү тариф киргизилсе элдин башы айланмак эмес"

Бүгүн, 13-апрелдеги парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов электр энергияга бирдиктүү тариф киргизиш керектигин билдирди.

Ал буга чейин электр жарыгынын баасы боюнча айткандары ММКларга башка таризде жарыяланганын айтты.

"Мен шаарда жашагандар үчүн светтин баасын көтөрүүнү суранган эмесмин. Тескерисинче, айыл эли үчүн бааны арзандатууну сунуштагам. Кыргызда башка өлкөлөргө караганда электр энергиясы өндүрүлөт, Кудай берген сууларыбыз бар. Ага карабай электр энергиясы жетишсиз болуп жатат", - деди.

Мындан сырткары ири компаниялар жарыкты көп колдонуп, аларга жеңилдиктер берилип жатканын кошумчалады.

"Калк пайдаланган электр энергиясы 700 кВттан ашса 2,16 сомдон төлөшөт. Кышында эсеп 2 миң сомдон ашып кетип жатат. Эл 700 кВттан ашабы, ашпайбы билбейт. Бир тариф кылыш керек. Ошондо элдин башы айланмак эмес", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
elmirarykov
2017-04-13 11:08:27
Туура айтат свет өзүбүздонөндүрүп жатса анан кымбатын сурабагыла арзандатыш керек кымбат
+3
KGstan1981
2017-04-13 11:39:04
2010ж. ошол кездеги оппозициячыл мерседес минип жургон бир мультимиллионер электр энергиясын баасы 70тыйынга которулсо уят уят деп тим эле болбой кыйыкырып элге куйумуш б-п жургон эле.Азыр болсо ошол мультимилионер бийлике келип 70 тыйын эмес 2сом16тыйынга которуп жиберди.Уят уят.
+7
Tentek1
2017-04-13 11:51:52
Калп айтпасам ушул депутат болуш керек эле,мындан 10 кун мурда айткан болуш керек,шаарда жашагандардын светинин баасын которуш керек, деп айтып чыккан.
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-13 12:14:26
Tentek1, ооба айткан
-1
anti_anti
2017-04-13 12:43:29
Tentek1, ичиде жазылып турат ко же окуган жоксунбу
+1
Nuura-shirin
2017-04-13 13:47:29
Арзандаса жакшы болмок
+2
Dimonbek
2017-04-13 16:11:19
Бирдиктүү тариф болсо жакшы болмок. Булар элди алдап жатышат . 70 эле тыйын арзан деп . 700 Кв любой үй бүлө 10 күндө эле колдонот
+1
juma11anara
2017-04-13 17:16:31
Ири компаниялар сага окшогон депутат жана министрлердики болсо кантип арзандатуу болбосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан