Бишкекте төрөлгөн 19 жаштагы Всеволод Черепанов дүйнөдөгү саркеч кийинген 100 адамдын катарына кирди

Бишкекте төрөлүп өскөн 19 жаштагы Всеволод Черепанов Британиянын Dazed & Confused журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң саркеч 100 адамдын катарына кирди.

"Север деген лакап ат менен жүргөн жигит бул тандоодо 45-орунга ээ болду", - деп жазылат чет элдик маалымат каражаттарында.

Журнал Всеволоддун стили Орусиянын четиндеги аймактардын өзү курактуу жашоочуларынын жана көчө балдарынын стилине дал келерин билдирген. Вселовод 2015-жылы Lumpen мода агенттиги менен келишим түзүп, 2016-жылы Москвага көчүп кеткен. Бирок учурда Лондондо жашайт. Ал стилин алмаштыргысы келбейт жана мындай кийимдердин дүкөнүн Миланда жана Лос-Анжелесте ачып иштетүүдө.

Жакынкы күндөрү Север Nike компаниясы менен келишим түзгөн. Алдыдагы мода көргөзмөсүндө бул бренддин кийимдерин кийип чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
boris8907
2017-04-13 12:09:38
Бул скинхедтерге окшошко
+24
dosym
2017-04-13 12:13:10
Эң саркеч деген адам ушундай болсо, адамзаты кайда баратабыз
+24
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-13 12:21:18
Жакшы бирок туз эле отуруп туз эле басыш керек.
+4
meni_kut
2017-04-13 12:25:42
Точнале кийингени,кебетеси скинхеддерге окшошкен.
+9
omka100514
2017-04-13 12:31:42
Обычный эле орустун кочо балдары кийинген стилго, саркеч десе башкача элестетип алыпмын
+11
Beka1986
2017-04-13 12:46:53
Саркеч деген эмнеси
0
Sagyn.91
2017-04-13 12:57:00
Стилин менен жерге кир!
+4
Drongo
2017-04-13 13:46:09
Быйылкы жылдын модасы,чет олкодо жаштардын кобу ушундай кийинип журушот,спортивный стилде.Эркектерге да аялдарга да абдан сонун жарашат экен.
-4
meni_kut
2017-04-13 13:53:41
Drongo,оруска тенелип чык сен да
+2
Samat1992SM
2017-04-13 14:08:03
Бул Бишкектен чыккан скинхенд го.
+11
Jamalym
2017-04-13 15:08:34
Обычный эле "уличный" стиль.Озгочолукту коро алган жокмун.Скинхеддерге окшош экен бирок.
+5
Dindinka
2017-04-13 16:03:24
Эч бир озгочолук коргон жокмун. Кадимки кочо кийими. Саркеч десе укмуш элестетипмин. Буга караганда кошунамдын баласы саркеч кийинет экен.
+2
NARYNGRAD
2017-04-13 16:31:06
Кадимки эле гопник го бул.
+2
Rasul_Rahmanaliev
2017-04-13 19:20:42
О кокуй анда мен эн хуник экенмин)))Ушул саркеч болсо,,,,журналдын редакторлорунун вкусу өлүп калганго....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан