Бишкекте мектеп окуучулары "Жол коопсуздугун сактайбыз" деген ураан менен жөө жүрүш жасашты

7-майда Бишкек шаардык ИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын демилгеси менен жолдо жүрүү коопсуздугуна арналган иш-чара болуп өттү. Ага борбор шаардын Биринчи Май, Октябрь, Ленин, Свердлов райондорунан келген 250 мектеп окуучусу катышты. Окуучулар  “Жол коопсуздугун сактайбыз” деген ураан айтышып, Бишкектин көчөлөрү менен жөө жүрүш жасашты. Андан соң алар Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын иши менен таанышышты. Жыйынтыгында жол кырсыктарынын келип чыгышы жана өткөн жылы канча кырсык катталганы тууралуу маалымат берилип, окуучуларды кызыктырган суроолорго аталган органдын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев жооп берди. Иш-чара балдар катышкан кырсыктардын санын азайтуу максатында уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан