Депутат Ноокат районундагы санаториялык мектеп-интернаты оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирди

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы санаториялык мектеп-интернаты оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирди.

Анын айтымында, ага мектеп-интернаттын эмгек жамаатынан кайрылуу түшкөн.

"Кайрылууда мектеп-интернат курулгандан тарта оңдолбой, азыр абалы начар экени жазылган. Бул маселе менен алар тиешелүү министрликке кайрылыптыр, чечилбегендиктен бизге кайрылды. Ал жерге өлкөнүн түштүк 3 облусунун кургак учук менен ооруган окуучулар, ошондой эле ата-энеси же жакын туугандары ооруп калган балдар кабыл алынат. Сүрөттөрүн көрдүм, абалы өтө начар экен. Бул жөнөкөй катардагы мектеп эмес, өзгөчө көңүл буруу керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DUNI
2017-04-13 15:16:22
Ооба,жаны эле салып берсе жакшы болмок.абдан Эски мектеп,Токтогул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан