Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасы компьютер сатып алууга кайрадан тендер жарыялады.
Компьютерлерди 227 миң сомго сатып алуу үчүн 9-мартта биринчи тендер жарыяланган. Бирок бул боюнча бир да ишкана тендерге катышуу үчүн арыз жазган эмес. Компьютерлерден тышкары министрлердин бөлмөлөрүнө жаңы отургучтар, телефон, факс аппараттары, принтерлер жана медициналык дары баштыктары талап кылынган.
Жалпы сатып алууларга 1 миллион 62 миң сом каражат сарпталуусу пландалууда.