Бүгүн, 12-апрелде депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин жыйындарын телеканалда түз алып бергенде сапат начар болуп жатканын айтты.
Эл өкүлү калк үчүн кыргыз парламентинде көтөрүлүп жаткан маселелердин талкуусун түз көрүүнүн мааниси зор экенин белгилеп: "Жакында Кыргызда аналогдук көрсөтүү токтоп, толугу менен санариптик көрсөтүүгө өтөбүз. Кыргыз парламентинин жыйындарынын жүрүшүн түз көрсөтүү сапаты азыртан эле ушунча начарлап жатса, кийин кандай болорун болжош кыйын. Жогорку Кеӊештин төрагасы басма сөз кызматына телекөрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу чараларын көрүү боюнча тапшырма берсе жакшы болор эле. Анткени калкыбыз үчүн анын мааниси чоӊ", - деди.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жооп берди.
"Сапаттын начар болуп жатышы жыйындар залында орнотулган видеокамералардын тартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болууда. Басма сөз кызматы техникалык мүмкүнчүлүккө жараша иш алып барып жатат. Сапаттуу жабдууларды орнотуу боюнча маселе козголуп келген, бирок бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында көйгөй ачык бойдон калган. Бул жылы өлкө боюнча телевидение санарипке өтүшүнөн улам камераларды алмаштыруу маселеси курч болуп жатат. Ансыз Жогорку Кеңештин жыйындарын түз алып берүү мүмкүн болбой калат", - деп айтылат маалыматта.