Белгилүү орусиялык муз үстүндөгү бийчи Татьяна Навка 42 жашка чыкты. Ал 1975-жылы 13-апрелде Украинанын Днепропетровск шаарында туулган. 5 жашынан бери муз үстүндө бийлеп, анын ийгилигине машыктыруучу Наталья Дубованын салымы чоң болгон. Татьяна Навканын муз тебүүдөгү түгөйлөрү 1993-1998-жылдары Николай Морозов жана Самвел Гезалян болсо, 1998-жылдан баштап Роман Костомаров менен муз үстүндө бийлеп келген.
Татьяна Навка Роман Костомаров менен бирге үч жолу Орусиянын чемпиону (2003, 2004, 2006), Европанын 3 жолку (2004, 2006), Дүйнөнүн эки жолку (2004, 2005) чемпиону, 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын алтын медалынын ээси болууга жетишкен.
Туриндеги Олимпиададан кийин өнөктөштөр спорттук карьерасын жыйынтыктоону чечишкен. Бирок түгөйлөр андан кийин профессионалдык шоулордо өнөрлөрүн көрсөтүп келишкен. Мындан сырткары Татьяна Навка орустардын белгилүү "Жылдыздар муз үстүндө" ("Звёзды на льду"), "Муз доору" ("Ледниковый период"), "Муз жана жалын" ("Лёд и пламень"), "Кош жылдыз" ("Две звезды") телешоулорунда ырчы, бийчилер менен бийлеп-ырдап, алдынкы орундарга ээ болгон.
Жеке жашоосу
2000-жылы өзүнүн машыктыруучусу, муз үстүндөгү бий боюнча дүйнөнүн чемпиону Александр Жулинге турмушка чыккан. Экөөнүн ортосундагы сүйүү мамилеси 1994-жылы башталганын түгөйлөр өздөрү билдиришкен. 2000-жылдын май айында кыздуу болушуп, ага Александра деген ысымды ыйгарышкан. Кызы ырчылык кесипти тандап, сахнага Алексия деген ат менен чыккан. 2008-жылы түгөйлөр ажырашкан. Татьяна Навканы бийдеги өнөктөштөрү - актёр Марат Башаров, музыкант, ырчы Алексей Воробьев менен сүйүү мамилесинде болгон деп айтышат.
2010-жылы бийчи Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков менен таанышып калат. Ошол мезгилден тарта экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, 2014-жылы августта Надежда аттуу кыздуу болушкан. 2015-жылы август айында түгөйлөрдүн үлпөт тою өткөн.
13-апрелге карата жылнаама.