Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 13-апрелде Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Жолугушууда президентке Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Жыйындын күн тартибин талкуулашты. Кеӊештин отурумунда ЕАЭБдин ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтыктын маанилүү жагдайлары талкууланары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин кезектеги жыйыны 14-апрелде Бишкек шаарында өтөт. Жыйынга Орусия, Казакстан, Армения, Беларустун президенттери келери күтүлүүдө.