Баткенде облустук бийликке ыраазычылык билдирген митинг өттү

7-май күнү Кадамжай районунун Бирлик айылынын бир нече тургундары облус жетекчисине ыраазычылык билдирүү үчүн Баткен шаарына келишти. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун 15 айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешип турат. Чарбак окуясынан кийин аталган анклавдын тургундары менен тынчтык жана өз ара ынтымакты бекемдөө боюнча облустук бийлик тарабынан бир катар аракеттер жасалган. 

"Биз буга чейин ар кандай көйгөйлөр менен келип даттанып, митинг уюштуруп жүрдүк. Бүгүн даттанып эмес, тескерисинче, рахматыбызды айтып коёлу деп чогулдук. Айылдардын чек ара тилкесин бекемдөө иштери акырындап болсо да жүрүп ФАПтар курулуп жатат, чек ара бекеттери салынууда. Мунун баары облус башчысы Жеңиш Разаковдун колдоосу менен болууда",- дейт Сырт айылынын тургуну Асан Акматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан