Индонезиялык кондитерлердин жомоктогудай торттору (фото)

Индонезиянын тургундары Сусанти Сунаржи жана Рики Рияди 2004-жылы торт жасоо боюнча үй-бүлөлүк бизнесин негиздешкен. Алар өзүлөрүнүн кондитердик үйүн "Le Novelle Cake" деп аташкан. Кондитерлер жасаган айрым торттордун бийиктиги 7 метрге жетет.

Үйлөнүү тойлорго жасалган бул укмуштуудай торттор арзан эмес. Алардын баалары 5 миң доллардан 500 миң долларга чейин (343 миң сомдон 34 миллион сомго чейин). Мындай тортторду жасоого 3 жумадан бир айга чейинки убакыт керектелет, ал эми эң татаал тортту 24 адам 12 сааттан иштеп, 32 күндө жасашкан.

Учурда бизнести Тиффани Рияди бир туугандары менен жетектейт. Алардан тышкары 60 адам иштейт.

"Бизге тортторду бөлүп-бөлүп, эки жүк ташуучу унаа менен ташууга туура келет. Аны жерине алып барган соң гана орнотуп, жасалгалайбыз", - деген Тиффани Рияди.

Тортторду жасоого эргүүнү көбүнчө мультфильмдерден алышарын айткан кондитер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tansuluu09
2017-04-13 15:45:11
Колу гул экен
+7
ekaterinburg
2017-04-13 15:52:17
Жеш жалко го...
+7
Eli.91
2017-04-13 15:57:10
Ох ох кандай соонун адамдын табитин ачатко,озуда тортко оч элем табитими ачып жиберди,кылгандарга алкыштар болсун,колдоруна береке.
+2
Artur555
2017-04-13 16:04:51
Менин свадьбамда Сусанти Сунаржи 5000дол га торт жасап берген 8-суроттогу торттой кылып, сонун болгон. Аябай сонун жасалган менин тойумдагы торт.
-8
Neizvestno777
2017-04-13 16:18:25
Artur555,Тушундобу?
+8
Artur555
2017-04-13 17:02:21
Neizvestno777, сага туш. Мен реалдуу жашоом.
-1
aruuke9292
2017-04-14 08:06:51
Artur555,сен тиги кытайда да журдун беле жаны ачылган айнек мостто сейилдеп
0
ekaterinburg
2017-04-13 16:26:44
Artur555,5000$ долларга торт жасатсан анда сен охооо...Ошол суроттогу сенин тортун болуш керек.
-1
Dilnaz.kiko
2017-04-13 16:27:49
Artur555,сен кече эле кытайда сейилдеп журдун элего озунчо эле элестете берет экенсинда
+4
Artur555
2017-04-13 16:56:46
Кыргыздарым ушул силер зависть этип еле журосунор ар дайым. Ооба мен кытайда сейилдеп журом, а свадьбам куздо болгон 2016 жылы, акчанар болсо баары болот. Кудайга шугур менин жашоом, акчам жетишерлик. Силер да иштегиле тапкыла, чет олкого барып эс алгыла,ушундой торт жасаткыла...
-4
lady_91
2017-04-13 17:50:22
Artur555,тоюндан торту мн сурот жонотчу
+3
Dilnaz.kiko
2017-04-13 18:39:38
Artur555,Ой тобаа кичине ишене тургандай жазсан боло,Сен эч ким кой дебейт каалагандай ойной ишине ийгилик кийин Сейилдон Америкадан болсун
+1
ainur78007
2017-04-13 20:15:16
Artur555,той кылып андан сырткары тойдогу тортун 5000$га жасаткан акчалуу адам супердин сайтында олтуруп,комент жазганга убактысы деле болбосо керек)))
+5
Ellis
2017-04-13 21:40:29
Artur555,Тоба соз деп эле суйлой берет окшойсун.дагы саясат жабык талкуу ал жака да мен президент элем деп чыкмак экенсин
+3
nur_zhoni
2017-04-13 23:16:25
Artur555,аттан туш брат
+3
Mira8586
2017-04-13 16:25:21
Сонун мындай жумушту жасагангада канва денег нерв коротулат акчасына жараша торттор экен браво
+2
pixduel1
2017-04-13 22:02:02
Баары кооз бирок , аны жасаганда канча адам кармалайт анан да айланада чан тушотко тортко. Мен кобунчо чакан , даамдуу , тойдо жей турган убакта бетин ачканды жактырам) ар кимдин табити ар кандай да))
+1
Nevestkaa
2017-04-13 23:00:39
Дагы бир Ерханов пайда болуп калыптырбы дейм.Эгер айткандарың чын болсо байлыгыңы кудайым кут кылсын.
+1
Ronaldo.99
2017-04-14 08:48:54
Устундо 5000$ жасаткан адам.
Биринчи Зинанын тортун жасатып алчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан