Бишкектеги "Ала-Тоо" мейманканасына 2010-2012-жылдары ээлик кылган Кушбак Жайчиев мейманкананын тегерегиндеги окуя боюнча 13-апрелде SUPER.KG порталына комментарий берди. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин кызматкери Жайчиев, мейманканага убагында 2 жылдай кожоюндук кылып турганы гана болбосо, кыӊыр иштерге катышпаганын айтууда.
Окуянын чоо-жайы:
Борбор шаардын Эркиндик бульварында жайгашкан мурдагы “Ала-Тоо” мейманканасы сүрдүрүлүп, ордуна “Кыргыз Мунай” компаниясы көп кабаттуу үй курганы жатат. Бул арада ММКларга мейманкананы убагында Максим Бакиевдин адамдары ээлеп турганы жөнүндө маалымат тарады. Маалыматты Бакиевдин мүлктөрүн иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын өкүлдөрү да тастыктоодо. Тагыраагы, мурда Бишкек мэриясынын балансында турган мейманкана 2009-жылы 4,2 миллион сомго “Гольфстрим Строй” фирмасына сатылганы айтылат. Бул фирманын артында Максим Бакиевдин жакын адамдарына таандык компания турган деп көрсөтүлүүдө. Мейманкананы 2010-жылы июнда Кушбак Жайчиев аттуу жаран 5 миллион сомго сатып алып, 2012-жылы кайра 100 миллион сомго саткан. 2014-жылы мейманкананын “тарыхый-маданий эстелик” деген статусу жоюлган. Жыйынтыгы – бүгүн мейманкана пайдубалынан бери сүрдүрүлүп, ордуна элиталык делген үй курулганы жатат. Мүлк Бакиевдерге таандык болсо, 2010-жылдан кийин эмне үчүн улутташтырылбай калган? Бул өӊдүү суроолорго азырынча так жооп айтыла элек.
Кушбак Жайчиев (сүрөттө) мейманканага кантип 2 жылдай кожоюн болуп калганын айтып берди.
“2010-жылы бирөөлөр (кимдер экенин атаган жок) сатып аласызбы деп сунуштап калышты. Мен макул дедим. Өзүмдүн акчам жетпейт эле. Менде да тууган-урук, жоро-жолдош бар, алардын жардамы менен сатып алдым. Жакшы максатта, иштетебиз деп сатып алганбыз. Биз кожоюндук кылып турган учурда мейманкананын бир кирпичи ордунан жылган жок. Бирок иштетүү колубуздан келген жок, 2 жылдан кийин кайра сатып жибердик”, - деди Жайчиев.
Чиновник бул мейманкананы Максим Бакиевге жармаштыруу негизсиз экенин айтат.
“Бакиевдерге таандык болчу деген болбогон сөз. Максим Бакиевге эч кандай байланышы жок. Башка эле жеке фирмалардын бири болчу. Башкысы мен мыйзамдуу сатып алып, 2 жыл салыгын төлөп, кайра мыйзамдуу саткам. Бул боюнча текшерүүлөр жүргөн, баары жайында. Канча жолу кайрылып суроо берсеӊер, мен ушул эле сөздөрдү кайталай берем. Башка айта турган сөзүм жок”, - дейт ал.
Жогорудагы алып-сатуулардын, 2010-жылдан кийин "Ала-Тоо" мейманканасынын улутташтырылбай калышынын артында жогорку кызматтагы адамдар турганын айткандар дагы бар. Бирок алар кимдер экени коомчулукка расмий жарыялана элек.
Бакиевдерге таандык мүлктөр боюнча Жогорку Кеӊеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаев (сүрөттө) мейманканага тийиштүү маселе сөзсүз иликтене турганын билдирди. Бакиевдерге таандык мүлк катары "Ала-Тоо" мейманканасы эмне үчүн 2010-жылдан кийин камакка алынбай, улутташтырылбай калганы түшүнүксүз экенин айтат Исаев. Депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгында бул факт боюнча да маалымат берилери күтүлүүдө.
Маалымат үчүн: "Ала-Тоо" мейманканасы (мурунку аталышы "Тянь-Шань") 1960-жылы курулган. 113 бөлмөлүү имарат бир учурда 250дөн ашык кардарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болгон. Мейманкананын ичинде ресторан, банкеттик зал, чач тарач болуп, убагында атактуу мейманкана болгону айтылат.