“4-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылдык кеңешинин депутаттары жыйын өткөрүп, анда аталган айылга Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин эстелигин (бюст) орнотуу чечимин кабыл алышты”,- деп билдирди Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жунус Абдыкадыров. Анын айтымында, бюстту жасоо жана орнотуу үчүн азырынча каражат маселеси чечиле элек. Маалыматка ылайык, аталган айылдык кеңештин депутаттары “ата журтчу” 3 депутатты камактан тез арада бошотуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага жана башкы прокурор Аида Саляновага кайрылуу жолдошкон.