"Флайборд" жаңы спорттун түрүн ойлоп тапкан франциялык Фрэнк Запата буга чейин суунун каршылыгы менен учуучу тактасын (ховерборд) ойлоп таап, ал учурда кеңири тарады.
Эми ал абанын жардамы менен учуучу жаңы Flyboard Air ховербордун чыгарып, Атлантикалык океандын жээгинде көрсөттү. Жаңы ховерборд менен 3 чакырым бийиктикте учуу мүмкүн экени жазылат чет элдик маалымат булактарында. Азырынча анын ховерборду абада 10 мүнөттөй уча алат. Анын ылдамдыгы саатына 150 чакырымды түзөт. Ховерборд 250 аттын күчүнө барабар 4 турбо кыймылдаткыч менен камсыздалган. Анын абада туруктуу болушу үчүн дагы 2 кошумча кыймылдаткыч колдонулган. Flyboard Air'ди учуруу үчүн болгону күйүүчү май керек, ал учкучтун аркасында болот.
Ойлоп табуучу өзүнүн жабдуусун Франциянын Соссе-Ле-Пен аймагындагы жээкте 200дөй адамга көрсөткөн. Жаңы жабдуунун баасы белгисиз. Буга чейинки версиялары 2675 доллардан 12 миң долларга (183 миң-822 миң сом) чейин бааланган.