Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Самат Ибраев дайындалды

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Самат Ибраев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттеги өздүк булактар билдиришти.

Ибраев 1965-жылы 25-февралда Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Ал парламентте V чакырылышта КСДП фракциясынан депутат болуп келген. Буга чейин "Саякбай манасчы" эл аралык фондун жетектеп келген.

Эске салсак, 10-мартта Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын башчысы Абдыманап Кутушев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан