Депутаттык комиссия: "Кыргызтелекомдун" мурунку жетекчиси интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшүнө күнөөлүү болушу мүмкүн"

"Кыргызтелекомдун" мурунку жетекчиси Эмил Эшеналиев интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшүнө күнөөлүү болушу мүмкүн", - деп бүгүн, 13-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков билдирди.

“Эшеналиев 1-августта буйрук менен эсептешүү жана келишимдер бөлүмүнүн жетекчисине бир жылдык мөөнөт менен сатып алуу келишимин түзүүгө тапшырма берип, казак компанияларына 1 МБ/с үчүн 30 доллар эсебинен 420 миң долларды шашылыш чыгарган. Бул учурда Эшеналиев жеке кызыкчылыктарын көздөгөн деп кароого болот", - деди ал.

Жогорку Кеңеште Бакиевдердин мурунку мүлктөрүнүн сатылышын, 2010-жылкы баш аламандыкта жоголгон мүлктөр, банк уячаларын талап-тоноо фактыларын, "Мегаком, “Бишкек мунай компаниясы” ишканасынын мүлкүн, “Кыргызтелеком" көзөмөлдөгөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, убагында Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан”, "Азия универсал банкы", “Кыргыз көмүр” ишканасы жана убагында Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуу иштерин териштирүү боюнча депутаттык комиссия жыйынтыктары тууралуу маалыматын берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан