Британиялык адистер ушул жылдын аягына чейин өзүлөрүнүн жаңы иштелип чыккан, адам жей ала турган суу сактоочу идиштерин чыгарууну көздөшүүдө. Бул туралуу Discover24 басылмасы жазып чыкты.
Бүгүнкү күндө Жер бети бөтөлкөлөргө толуп турган кези. Алардын жаратылышка, экологияга болгон терс таасирин эч ким тана албайт. Дал ушул көрүнүш окумуштуулардын коопсуз, арзан жана бышык идиш ойлоп табуусуна себеп болгон. Британиялыктар молекулярдык кулинарияда кеңири тараган гелди пайда кылуу ыкмасын колдонушкан. Жегенге жарамдуу суу үчүн идишти балырлардан алынган натрий альгинатты кальций хлорид менен аралаштырып жасашат. Жыйынтыгында суу толтурулган гель шарларын алышат.
Окумуштуулар бул тууралуу 2014-жылы айтышканы менен, мындай шарларды жасоо кымбат болгон. Ал эми учурда бир шардын баасы 1 сомдон жогору бааланууда.