МЕДИА-ПОРТАЛ: Жаш ырчы Айдана Дека "Бийле, бийле" ырынын клибине айтылган сындар боюнча жооп узатты

Жаш ырчы Айдана Деканын "Бийле, бийле" ырынын клибине интернет колдонуучулар тарабынан түрдүү сын-пикирлер айтылып, талкууга алынган. Бүгүн, 13-апрелде ырчы клип кандай кыйынчылык, мээнет менен тартылганын айтып, ага карата айтылган сындар боюнча жооп узатты:

"Клипке 3 ай бою даярдандым. Формаларын, бийди даярдоого көп убакыт кетти. Бул чыгармага бүт көӊүлүмдү коюп, мээнет, болгон убактымды кетирип даярдандым десем болот. Тартуу күндөрү 2 күндө бүттү. Бирок ошол убакытта көп кыйынчылык болду. Съёмканын экинчи күнүн Ысык-Көлдө март айында тарттык. Өзүӊөр билгендей, бул жылы аябай суук болбодубу, андыктан суукка карабай көлдүн жээгинде тартуу иштерин уланттык. Жылаӊайлак бийлеп, соӊунда үшүгөндөн баса албай калдым. Анан машинага келип, жылындым. Ооруп калабыз го деп корккон элек, Кудайга шүгүр, баары жакшы болду.

Ооба, бул клипке карата жагымсыз сын-пикирлер көп айтылды. Айрыкча неон боёгун колдонгонумду орусиялык ырчы Нюшаны туураган деп жатышты. Бирок мен бул сөздөргө кошулбайм. Ал боёкту клибинде буга чейин бир топ дүйнөлүк жылдыздар колдонушкан. Андыктан бул сындар негизсиз. Жакындарым, апам, чыгармачыл досторум чалып, "сынга көӊүл бурба, сен жөнүндө айтып жатабы, демек, өсүү бар" деп кеп-кеӊештерин айтып колдоп жатышты. Сындын болгону жакшы, себеби кийинки чыгармаӊда анын баары эске алынат", - деп сөзүн жыйынтыктады Айдана Дека.

Айдана Деканын "Бийле, бийле" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
aikera1992
2017-04-13 19:18:10
Ийгилик, сен аракет кылып жатасын. Монитордун ары жагында жон эле отуруп алып, ар нерсени жазган жоксун. Коч бара-бара тузолот. Кааласан Нюшаны, башкасын да туурай бер. Ал озундун ишин го. Жакпаса корбой койсун, жанын кыйнабай. А сен аракеттен. Ийгилик.
+3
Aizena
2017-04-13 19:58:20
Жакындарыныздын созуно кошулам,осуу бар!
+3
gazybekova
2017-04-13 20:12:33
Оа ошол клипти туураптыр бирок ,бийи бир аз Нюшаныкынан жонокой болгон...
-2
bond02
2017-04-13 20:38:27
Мечитте клип тартууга кайсы молдо уруксат берди экен, бийлеп жатканын карап отурса керек, корбопмун бул клипти.
0
scorp
2017-04-13 21:12:57
Клипке 3 ай бою даярдандым Нюшанын клипин кайра кайра коруп дебептирда)))))
-1
Djal1987
2017-04-13 21:52:07
Кайра машинага келип жылындым дейт го. Мен да эртен манисиз клип тартырып анан элге жакпаса ии эми осу бар деп жыргайм экен да.
-2
pixduel1
2017-04-13 22:26:40
Ушул фрчылар эмнеге сынды туура кабыл албайсынар? Жакшы чыккан ырларды, клипткрди жакшы деп айтат да . Жаман же жакпады десен эле эл айта берет, кыйын болсон сен жакшы тартып вл дешет. Бизге мынтип не кереги бар?! Бул силердин жумушунар да! Бардык нерсени туура кабыл алуу керек ! Эл суйлосо значит осуу бар , сен кимсин дебей))
-2
shirinjojo
2017-04-13 22:38:42
Айдана азаматсын! Мен сенин инстаграм баракчана кошулуумун, ошол жерде баарын жазган, ал мечит эмес деп. Азаматсын! Осо бер! Кийинки чыгрмамда анын баары эске алынат дегенин жакты! Демек акылдуу кыз экенсин. Сынаганды анан кенеш айткандын айырмасын билгиле кыргыздар
0
aliya69
2017-04-13 23:16:34
Менин кызым Айдананын бий студиясына катышат. Абдан сонун,кичипейил,аракетчил кыз. Ушундай ыймандуу жаш сулуу ырчылар кобойо берсин
+1
anjel_kgkg
2017-04-13 23:38:53
Мен Айдана эжемдин эн биринчи фанатымын десем болот. Эн биринчи коргондо эле жакшы коргон ырчыма айланган. Чынында осуу бар! Азамат 5+
0
Begim94
2017-04-14 00:04:11
ушул да ырбы мааниси жок.Эптеп эле ыр чыгарып ырдай бересинби.Өзү деле түшүнбөйт болушу керек маанисине
0
Aidani
2017-04-14 01:09:27
Азыр ырчылар абдан кобойду кийим жагына боенуу сулуулук жагына конул катуу бурган менен кийинууну деги билишпейт эл маданият адамдарын коруп туздонот, ошон учун элдер туура эмес багытбагыт коруп жашап атат, силерди чымырканып которгон кайран сахна кайсы куну ызаасына чыдабай жарылып кетеер экен, же унунор жок же ырынардын мааниси жок.
0
Adil706070
2017-04-14 11:57:21
Бугун танкы „Замана”беруусунон коруп калдым .
Мечиттин ичинде тартылганбы байкашымча эгер мечиттин ичинде тартылган болсо буга тез арада муфтият чара корушу керек .ким уруксат берди,кайсы имам? мечиттин ичине клип тартканга,ошондой эле жарым жыланач бийлегенге аялзатын аврааты ачык мечитке кируусуно.тез арада чара корулушу зарыл .Аллахтын уйу болгон жерде жыланач бийлеген бул шумдуктуу ырчыларга маданият министрлиги дагы баа беришсин.
0
Adil706070
2017-04-14 12:16:33
3ай даярдансанар плагиат ырга озунор жаздырсанар канча ай журот болду экенсинер
Aneela-Money money деген ырдын музыкасы экен .
Ошончо аракет кылган сон мечиттен алыс эле болсонор болбойбу мээнетинди текке кетирбей
0
Rasul94
2017-04-14 15:32:04
денесин чаар ала кылып не балээ коргум келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан