Экс-министр Равшан Сабиров боюнча сот иши башка күнгө жылды

Мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров боюнча сот иши жылдырылганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди. Белгилей кетсек, Сабиров боюнча ишти Жогорку Сот 8-майда карамак. Бирок Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов иш сапары менен жүргөндүгүнө байланыштуу, сот процессине катыша албастыгын айтып, отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Ал эми кийинки отурум кайсы күнү болорун Жогорку Соттун төрайымы 8-майда маалымдайт. Эске салсак, Сабиров коррупциялык иштер боюнча айыпталууда. Алгач райондук сот аны күнөөсүз деп таап, кийин 7-мартта шаардык сот 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми пара алуу ишине катышкан жардамчысы Тахир Мирзахмедовду 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан