Мародёрчулукту иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш кийинки жумада токтом кабыл алат

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеӊеште 2010-жылы болгон мародёрлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, “Альфа-Телеком” ЖАКын (Мегаком), “Бишкек мунайзат компаниясы”, “Дастан” ишканасы, “Азия Универсал Банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу келишимдерин иликтеген депутаттык комиссия отчёт берди.

Жыйынга каралган маселеге тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле чакырылган кызмат адамдары катышты.

Депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу жол-жобосу келерки жыйынга жылдырылды. Маселе кийинки аптада каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан