Композитор Азат Дөөткулов бүгүн, 13-апрелде ооруканада дүйнө салды

Композитор Азат Дөөткулов бүгүн, 13-апрелде ооруканада дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы Асема Токтобекова кабарлады.

"Абалын жакшы деп айтып жатышкан, бир аз убакыт мурун эле кайрадан начарлап кетиптир. Байке аябай жакшы адам болчу. Чыныгы чыгармачыл, жүрөгү таза. Анын бул дүйнөдөн кайтышы баарыбыз үчүн чоң жоготуу", - деди ырчы Асема. Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени Кочкор районуна коюлат.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Азат Дөөткуловдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскерте кетсек, Азат Дөөткулов кант диабети менен ооруп, гангренасы бөйрөккө чейин жетип кеткенин кызы Акбермет билдирген.

Белгилей кетсек, Азат Дөөткулов Жийдеш Идирисова менен Нарист аткарган "Эдем алмасы" фильминин саундтрегинин автору, "Жаздагы кусалык", "Сүйүүгө өмүр тилейли" жана башка ырлардын обонун жазган. Ошондой эле Ырыс Окенова койгон "Гүл-гүл эжей" мюзиклдеги бардык музыкалык чыгармаларды иштеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Siren90
2017-04-13 19:00:53
Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун, жаратканым бейиштен орун берсин, жакындарына сабыр тилейм.
+11
Atas
2017-04-13 19:07:42
Ehh jaman bolup kettim ° °((
+4
Rasul_Rahmanaliev
2017-04-13 19:17:50
Жаткан жери жайлуу болсун! Жараткан жакшы адамдарды эрте алат.Топурагы торко болсун.
+3
aibars
2017-04-13 19:34:50
Жараткан оз камкордугуна алган экенда. Жаны бейиштик болсун.
+3
baltabai
2017-04-13 19:49:55
Жаткан жери жайлуу болсун
+3
rejepova
2017-04-13 20:04:48
Жаткан жери жайлуу болсун. Эх неге ушундай инсанга бир мамлекеттик даражадагы наам берип койушпады.эки создун башын бириктирип ырдап койсо эле тош белгини тагып койушат!
+2
Nur0701
2017-04-13 20:29:24
Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
Kroxa
2017-04-13 21:14:50
Наамды акчалуулар алат..Азат Дооткуловдой онор адамдары комускодо журуп отуп кете берет..жаны жаннатан топурагы торко болсун...
+1
Medina87
2017-04-13 21:40:07
Жалган дуйнодон Чын дуйного кочуптур..
Жаткан жери жайлуу, топурагы майлуу болсун!
0
Mekush87
2017-04-13 22:55:57
Жаткан жери жайлуу болсун! 2016 дан баштап биздин корунуктуу,элге таанымал инсандарыбыздын кобу отуп кетти,бул ото чон жоготуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан