Ысык-Ата районунда дүкөндөн спирт ичимдиктерин уурдап кеткен жаранга кылмыш иши козголду
Ноябрь айында милицияга арызы менен Ысык-Ата районунун 44 жаштагы тургуну Т.А. аттуу айым кайрылган. Жабырлануучу өз арызында белгисиз адам Ново-Покровка айылындагы соода-түйүнүнөн спирт ичимдиктерин жана азык-түлүктөрүн уурдап кеткенин айткан. Ууру алып кеткен азык-түлүктүн баасы 3400 сомду түзгөн. Аталган факты боюнча 164-берене (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө учурунда укук коргоо кызматкерлери шектүү катары 34 жаштагы П.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган адам Ысык-Көл облусунун жашоочусу экени белгилүү болду. Учурда тергөө жүрүүдө.