Парламент комитети Кыргыз мамлекетинин Кытайдагы элчиси кызматына Азамат Үсөновдун талапкерлигин жактырды

Азамат Үсөнов Кыргыз мамлекетинин Кытайдагы элчиси кызматына сунушталууда. Анын талапкерлигин 13-апрелде Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитети бир добуштан жактырды. Аны кызматка дайындоо боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин буйрукка кол коюшу күтүлөт.

Үсөнов буга чейин консулдук мекемелерде иштеген. 2016-жылдын январынан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары кызматында эле. Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы деген маалыматтар айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан