ЖЫЛНААМА, 14-АПРЕЛЬ: Белгилүү жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемиров 101 жыл мурун төрөлгөн

Мындан 101 жыл мурун, 1916-жылы 14-апрелде белгилүү жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемиров Чγй облусундагы Кегети айылында дыйкандын γй-бγлөсγндө туулган. Айылдык мектепти бγтөрγ менен Фрунзедеги зооветеринардык институттун даярдоо бөлγмγнө өтγп, 1934-жылы 1-курсуна кабыл алынган. 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде "Жаш тилек" аттуу алгачкы ыры жарыяланат. 1937-1939-жылдары аскер кызматын өтүп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган "Жомоктор" деген китеби жарык көрөт. Согуш жылдарында ал айылда жγрγп, бухгалтер, зоотехник, мугалим жана комсомолдук иштерде иштеген. Дал ушул элет жеринде Насирдин Байтемиров жазуучу γчγн эң зарыл болгон турмушту γйрөнγγ менен, кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнаган. 1945-жылы Фрунзеге келип, "Кызыл Кыргызстан" гезитине кызматка орношот. Ушундан баштап эл аралап, чоңураак чыгарма жазууга камынган. Натыйжада "Азамат" аттуу повестин жарыкка чыгарган. Мында автор согуш учурундагы өлкөнγ коргоо γчγн бγткγл кайрат-кγчγн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын тγзγγгө аракеттенген.
Насирдин Байтемиров жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин көтөрγγнγ эңсеп, Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтуна кирип, аны 1955-жылы бγтγргөн. Жазуучунун "Акыркы ок" романынын жарык кѳрγшγ дал ушул жылга туш келген. Буга аялдар темасындагы γч романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилγγ романчы катары тааныткан. "Жылдызкан" романында сγрөткер Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынын өткөргөнγн, көз карашынын калыптанышын, кулк-мγнөзγн, дγйнө таанымын ар тараптан кеңири сγрөттөгөн. 1966-жылы жарык көргөн "Тарых эстелиги" ага реалисттик проза жазуунун чыгаан өкγлдөрγнγн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы чебери катары атак-даңк алып келген. Насирдин Байтемиров γчγн "Уркуя" эч качан ѳзγнγн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, автор бул темага кайра-кайра кайрылып, "Уркуя" поэмасын, "Уркуя" драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаңы чыгармаларды жарата берγγдөн тажаган эмес.
Ал мындан сырткары "Кγйөө", "Ким кγнөөлγγ?", "Жолдо", "Адамдын аты" драмаларын, "Эненин жγрөгγ", "Аста, секин колукту" музыкалуу комедияларын жазган. Эң негизгиси, жазуучунун калеминен "Сонундар дγйнөсγ" (1967), "Турмуш элеги" (1972), "Санта" (1970), "Козголоңчу аял жана сыйкырчы" (1984) сыяктуу көркөм дөөлөттөр жаралып, кыргыз адабиятында роман жанрынын бөксөсγн толтурууга зор γлγш кошкон. Н.Байтемиров поэзия жанрында да γзγрлγγ эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири болгон. Башкасын айтпаганда да, "Жγрөк кγγсγ" (1955), "Сγйгөнγм" (1957), "Канаттуу кγндөр" (1964), "Эриген таш" (1969), "Махабат дастаны" (1975), "Махабат жазы" (1979), "Махабатым - канатым" (1981) сыяктуу көлөмдγγ ырлар жыйнактарынын өзγ эле кыргыз поэзиясынын тарыхынан көрγнγктγγ орундардын бирин алып берγγгө кудурети жеткен.

14-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан