ЖЫЛНААМА, 14-АПРЕЛЬ: 105 жыл мурун айтылуу "Титаник" кемеси айсбергге урунуп, миңден ашык киши курман болгон

Мындан 105 жыл мурун, 1912-жылы 14-апрелде дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме "Титаник" айсбергге урунуп, 2 саат 20 мүнөттүн ичинде Атлантика океанынын коюнунда жок болгон. Кемедеги 2 миң 227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.

Аталган кеме Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча 1912-жылы 10-апрелде өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан. Кемелердин падышасы “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна болгон. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабат үй менен салыштырууга болгон. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар болгон. Өкүнүчтүүсү, адистер кеменин коопсуздугуна караганда анын кооздугу жана ылдамдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорт залдары, теннис аянтчалары, ресторандар салынган. Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн. Кемеде 20 куткаруучу кайык болгон. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган.

30 жыл бою кеменин кыйрашын изилдеп келген англиялык журналист Шенан Молони "Титаниктин" айсбергден эмес, өрттөн улам кыйроого учураганын айтып чыккан. Ал кеменин курулуш заводунан чыгарылып жатканда тартылган сүрөттөрүн карап, иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында оң тарабындагы кара такты көргөн. Дал ошол такка кийин айсберг урунган. Журналисттин айтымында, кеменин күйүүчү май сакталуучу жайында өрт чыккан. Аны 12 адам өчүргөн. Натыйжада өрт чыккан жердеги темир мурунку калыбын жоготкон. Кийин борттогу офицерлерге атайын инструктаж өтүп, өрт жөнүндө ооз ачпоону буйруган. Ал эми эксперттер "Титаниктин" ичинде өрттүн болгонун тастыкташкан.

"Өрт, муз, шалаакылык - мунун баары дал келүү. Кара так калган жерди буга чейин эч ким изилдеген эмес. Бул толугу менен тарыхты өзгөртүшү мүмкүн", - деген оюн билдирген Молони.

Кырсыктын негизинде америкалык режиссёр Жеймс Кэмерон 1997-жылы "Титаник" тасмасын жараткан.

14-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2017-04-14 12:35:34
отоо кйгылууу гоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан